Башкы штаб: Колунан ажыраган жоокер тыюу салынган белгиге карабай өзү көмөк чордонго кирип барган

23 август 2018 00:05 2322 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Майлуу-Сууда жоокер электр тогуна урунуп, бир колунан ажыраганын буга чейиин Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынан билдиришкен. Анда 19-августта жоокер Руслан Сапарбаев аскер бөлүгүндө кароолдо турганда эшиги ачылып калган көмөк чордонундагы токко урунган. Учурда жоокер Бишкектеги №4 ооруканада даарыланууда. Анын омурткасы жабыркап, дарыгерлер жоокердин бир колун кесип салууга аргасыз болгон. Окуянын чоо-жайы боюнча маалымат такталып жаткан.

Ал эми Генералдык штаб  билдиргендей, 19-августка караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө Руслан Сапарбаев кароолдо турганда электр көмөк чордондун аймагына өзү кирип барган. Тыюу салынган белгиге карабай, трансформатордук түзүмдүн ичине кирип, токко урунган. Териштирүүнү Аскердик прокуратура жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-shtab-kolunan-azhyragan-zhooker-tyyuu-salyngan-belgige-karabaj-z-kmk-chordongo-kirip-bargan



Добавить комментарий