Башкы штаб эки колунан ажыраган жоокерге 800 миң акча которду
Башкы штаб эки колунан ажыраган жоокерге 800 миң акча которду. Бул тууралуу аталган жайдан билдиришти.
Маалымдалгандай токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевге карата 800 миң акча чогулган. Акча жоокерге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке которулду.
Белгилей кетсек, буга чейин атайын эсепке жөнөкөй жарандардан 200 миң сом акча чогулган. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева депутаттардын бир күндүк эмгек акысынын акчасын жоокерге которууну сунуштаган.
Эске салсак, 19-августа Майлуу-Суу шаарында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин жоокери трансформатордон токко урунуп эки колунан ажыраган.
Ссылка: https://barometr.kg/bashky-shtab-eki-kolunan-azhyragan-zhookerge-800-mi-akcha-kotordu
Добавить комментарий ×