Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайрадан кароодон баш тартты
Башкы прокуратура парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишин кайрадан кароодон баш тартты. Бул тууралуу юрист Таалайгүл Токтакунова массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтымында, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан "Ата-Мекен" партиясынын лидери башкы прокуратуранын чечимин негизсиз деп эсептеп, ишти кайрадан кароого сотко кайрылган.
Таалайгүл Токтакунованын айтымында башкы көзөмөл органдары "Текебаевдин ишинде кайрадан кароо үчүн эч кандай негизи жана себеби жок"деп билдирген.
Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту тарабынан "паракорчулук" беренеси менен сегиз жылга эркинен ажыратылган
Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-tekebaevdin-ishin-kajradan-karoodon-bash-tartty
Добавить комментарий ×