Башкы прокуратура: Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен иши козголду

14 август 2019 14:34 1141 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башпрокуратура Курсан Асановдун тегерегиндеги иштер боюнча расмий билдирүү таратты. Прокуратурага Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы келип түшкөн.

Анда айтылгандай, Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таштагы аракеттери менен Ички иштер министринин бир нече талап-көрсөтмөлөрүн аткарбай койгон. Макулдашпай туруп, өз алдынча чечимдерди кабыл алган, милиция кызматкерлерин башкаруучусуз калтырып, коркунучка түрткөн.

«Асанов мыйзам талаптарын бузуп, иш боюнча маанилүү документ, далил буюмдарды жаап-жашырган. ИИМдин бүтүмүн карап чыгып, «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнү Аскер прокуратурасы алып барат», — деп айтылат башпрокуратуранын билдирүүсүндө.

Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн куралган топ түзүүлүп, тергөө иши жүргүзүлүп жатаканын башкы прокуратура кошумчалайт.  

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-kursan-asanovgo-kyzmat-abalynan-kyyanat-pajdalanuu-berenesi-menen-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий