Башкы прокуратура: Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен иши козголду
Башпрокуратура Курсан Асановдун тегерегиндеги иштер боюнча расмий билдирүү таратты. Прокуратурага Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы келип түшкөн.
Анда айтылгандай, Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таштагы аракеттери менен Ички иштер министринин бир нече талап-көрсөтмөлөрүн аткарбай койгон. Макулдашпай туруп, өз алдынча чечимдерди кабыл алган, милиция кызматкерлерин башкаруучусуз калтырып, коркунучка түрткөн.
«Асанов мыйзам талаптарын бузуп, иш боюнча маанилүү документ, далил буюмдарды жаап-жашырган. ИИМдин бүтүмүн карап чыгып, «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнү Аскер прокуратурасы алып барат», — деп айтылат башпрокуратуранын билдирүүсүндө.
Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн куралган топ түзүүлүп, тергөө иши жүргүзүлүп жатаканын башкы прокуратура кошумчалайт.
Добавить комментарий ×