Башамаландыкта каза тапкан Үмүтбектин үй-бүлөсүнө квартира бергенди унутуп калышкан

3 сентябрь 2021 09:25 1469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдагы октябрь окуяларында каза тапкан Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада Бишкектен квартира бөлүп беришет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Үмүтбектин үй-бүлөсүнө квартира бөлүп берүү тапшырмасы Садыр Жапаров тарабынан 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берилген. Мэриядагы айрым аткаминерлердин жоопкерсиз мамилесинен улам бул маселе убагында чечилген эмес.

Азыр президент бул ишти жеке көзөмөлүнө алды, каза тапкан Үмүтбектин үй-бүлөсүнө баш калаадан турак-жай бөлүп беришет”,-деп айтты ал.

Эскерте кетсек, октябрь окуяларында митингчилер Садыр Жапаровду абактан бошотуп, ал мамлекет башчы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/bashamalandykta-kaza-tapkan-mtbektin-j-blsn-kvartira-bergendi-unutup-kalyshkan



Добавить комментарий