Баш прокурор: прокуратура органдарында 5 миң сом айлык алган кызматкерлер бар

21 май 2020 11:35 2656 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште 2019-жылда жасаган иштери тууралуу отчет берип жатып, прокуратура органдарында 5 миң сом айлык алган кызматкерлер бар экенин айтты.

“Бизди кенже тейлөөчү кызматкерлер 5 миң сом, адистер 10 миң сомго чейин, алдыңкы адистер 12 сом алат. Ал эми жумушка жаңы киргендер 12 миң сомдон баштап айлык алат”, — деди Жамшитов.

Суроо берген депутат Пархат Тулендыбаев айлыктар аябай аз, андыктан маянаны көтөрүү керектигин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bash-prokuror-prokuratura-organdarynda-5-mi-som-ajlyk-algan-kyzmatkerler-bar



Добавить комментарий