“Балыкчы-Тамчы-Корумду” жолун куруу боюнча кылмыш иши козголду

2 октябрь 2018 11:20 910 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликтеги текшерүүнүн жыйынтыгында, “Балыкчы-Тамчы-Корумду” жолун реконструкциялоодо “Л.Х.” ЖЧКсы дренаждык курулуштарды курууда мыйзам бузууларга барган.

Жол чарба департаментинин жетекчилиги аталган компаниянын мыйзам бузгандыгын жашырып, аны менен сүйлөшүүгө барып, жөнөкөй сапаттагы асфальтты колдонууга уруксат берген. Бул аз эле убакытта кайра бузулушу мүмкүн болгон асфальт экендиги айтылды. Бирок арзан баадагы асфальт колдонулганы менен баалар төмөндөтүлгөн эмес.

Бул факты боюнча учурда Кылмыш жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу” (304), “алдамчылык” (166) беренелеринин негизинде иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-tamchy-korumdu-zholun-kuruu-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий