Балыкчы шаарында эки тааныш бири-бирин бычакташты
Балыкчыда бычак менен сайды деген шектүү адамды Ысык-Көл райондук ИИБнин ыкчам-иликтөө тобу тарабынан кармашкан. Иликтөөнүн негизинде 19 жаштагы Т. Акылбек аттуу жаран 20 жаштагы Б. Аскат аттуу жаранды бычак менен оң бутка жана ичке бир канча жолу сайгандыгы белгилүү болду. Б. Аскат Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди.
Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин натыйжасында кылмышкер 18-июлда түнкү саат 01:00 чамасында шаардык стадиондо таанышы Б. Аскат менен урушуп кеткендигин айтты. Б. Аскат бычак менен жамбаш жакка бир канча жолу Т.Акылбекти сайып салган. Анын айтымында, шаардык ооруканага көрүнүп, жараатын таңдырган, бирок милицияга кабар берген эмес. Т.Акылбек бир канча күндөн кийин, тактап айтканда 22-июлда таанышын шаардык пляждан көрүп калып өч алуу максатында бычактап салган.
Учурда бул эки факты боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-shaarynda-eki-taanysh-biri-birin-bychaktashty
Добавить комментарий ×