Балыкчы — Каракол жолунда жүк ташуучу эки автоунаа кагышып, эки кишинин өмүрүн алды
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусунда Балыкчы – Каракол жолунун 55-чакырымында Өрнөк айылында жүк ташуучу эки автоунаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "КамАЗ" менен "Мерседес-Ман" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кагышып, анын кесепетинен "КамАЗдын" кабинасы күйүп, айдоочу менен жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон.
Андан сырткары эки киши жаракат алып, аны тез жардам кызматы алып кеткен.
Каза болгондордун сөөгү автоунаадан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине берилген.
Добавить комментарий ×