Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетти
Бөлүшүү:
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Төрт-Гүл айылында “Тайота-Cпасио” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алган. Жабыркагандар жакын арадагы ооруканага жеткирилип, жардам көрсөтүлдү. Бактыга жараша каза болгондор жок.
Добавить комментарий ×