Балыкчы-Барскоон жолунун курулушуна бюджеттен 1 млрд сом бөлүндү

28 сентябрь 2021 12:33 1507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылы унаа жолдорун оңдоо жана кармап туруу иштерине мамлекеттик капиталдык салымдардын каражатын эсепке алганда бюджеттен 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Бишкекте болгон басма сөз жыйынында маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, 8 айда жол тармагын жалпы каржылоо 1,5 млрд сом же болбосо 2021-жылы каралган каражаттын 68,45 пайызын түздү.

“Капиталдык салымдар боюнча 2,2 млрд сом бөлүнсө, анын ичинен 1 млрд сому Балыкчы-Барскоон унаа жолунун курулушуна бөлүнгөн.Ал жакта иштер август айында башталды. Азыркы учурда асфальт бетон жабуусун төшөө боюнча иштер башталды”,-деп айтты министрдин орун басары.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-barskoon-zholunun-kurulushuna-byudzhetten-1-mlrd-som-blnd



Добавить комментарий