Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда 4 унаанын катышуусунда кырсык болду
2018-жылдын 7-августунда саат 13:30да Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 89-чакырымында 4 унаанын ВАЗ-2107, Хонда-Степ, Фольксваген-Гольф 3, Ренолт-Дастер катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу 1992-жылы туулган И.С. аттуу жаран каза болуп, 1 жүргүнчү аял жабыркады.
Ошондой эле Хонда-Степ унаасынын 2 жүргүнчүсү дагы жарактаттарды алышты. Берилген маалыматка ылайык, эки адамдын бирөөсү Франциянын жараны болгон. КР ӨКМнин куткаруучулары каза болгон айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жабыркагандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-ananevo-karakol-unaa-zholunda-4-unaanyn-katyshuusunda-kyrsyk-boldu
Добавить комментарий ×