Балдарга оюнчукту кандай тандоо керек?

6 июль 2022 10:50 3936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Наристе чоңойгон сайын айлана-чөйрөнү тааный баштайт. Ошондуктан алардын алгачкы айларында сезим органдарын өнүктүрө турган шылдырак оюнчуктар жакшы. Аны бала эки айлык болгон кезден баштап колдонсо болот. Адегенде чочутпай акырын шылдыратып анан көндүрүш керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бара-бара наристеге карусель оюнчук берсе болот. Аны менен түстөрдү жана формаларды көрүүсү жакшырат.       

Ушул арада музыкасы бар оюнчуктарды кошкон жакшы. Музыканы акырын чыгарып угузуу керек. Мындай оюнчуктар аны тынчтандырып же көңүлүн ачат.

Оюнчук тандоодогу кеңештер

Эң эле жакшысы анын курамы боюнча этикеткасын кароо керек. Канчалык бред компаниялар чыгарган оюнчук болсо жакшы.

Майда-чүйдө деталдары бар оюнчуктан качыңыз. Бала аны жутуп алышы ыктымал. Ошондой эле узун жиптери бар, бурчтары жана кырлары бар оюнчуктардан абай болуңуз.

Бир жашка толо элек балдарга жумшак оюнчуктарды сатып бербеш керек. Мындай оюнчуктар баланы өнүктүрүүчү багыттагы оюнчук болуп саналбайт. Анан калса ага чаң топтолуп алларегияны пайда кылышы ыктымал.

Оюнчуктарды колдонуунун өзгөчөлүктөрү

Оюнчуктарды убагы менен жууп, таза чүпүрөк менен аарчып кургатып туруу керек.

Өтө кымбат оюнчукту балага алып бериштин зарылдыгы жок Наристе аны баалап отурбайт. Бирок ошол эле учурда үнөмдөөнүн да зарылдыгы жок. Анткени абдан арзан оюнчуктар сапатсыз материалдардан даярдалат жана наристенин ден соолугуна зыян.

Ошондой эле көп оюнчук алып берүүнүн да кажети жок. 4-5 оюнчук болсо жетиштүү. Ал эми бир шылдырак карматып коюу дагы аздык кылат, ал баланы тажатып жиберет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/baldarga-oyunchuktu-kandaj-tandoo-kerek



Добавить комментарий