Балдар үчүн коронавируска каршы вакцина тогуз айдан кийин изилдене баштайт
Балдарга карата коронавирус илдетине каршы вакцинаны изилдөө тогуз айдан кийин башталат. Бирок адегенде чоңдор үчүн сыноолор аягына чыгышы керек. Бул тууралуу 8-сентябрда Гамалея атындагы Эпидемиология жана Микробиология Улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбургдун ТАССка берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
«Балдар арасындагы мындай изилдөөлөр кийинчерек башталат. Биринчи кезекте чоңдорго карата изилдөөлөр толугу менен аякташы керек. Вакцина натыйжалуулугун көрсөтүп, колдонула баштагандан кийин анан жаш балдарга каршы вакцинаны сыноону баштайбыз», - деди окумуштуу.
Гинцбург инфекцияны көзөмөлгө алуу үчүн калктын үчтөн экисин, башкача айтканда, 75 миллиондон ашуун тургунду эмдөө керек деп кошумчалады. Муну менен биз вирусту толугу менен жеңдик деп ойлобошубуз керек, бул жерде вакцинация жөнүндө гана сөз болуп жатат деди.
Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Гамалея атындагы Эпидемиология жана Микробиология Илимий Борбору тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы Спутник V орусиялык вакцинасы жарандык жүгүртүүгө чыгарылганы 8-сентябрда белгилүү болду. Жарандык жүгүртүү - бул тобокелдик топторунан калкты эмдөө, тактап айтканда дарыгерлер менен мугалимдер. Ал маркетингден кийинки клиникалык сыноолор менен бирге өтөт.
Дүйнөдөгү биринчи коронавируска каршы вакцина Россияда 11-августта катталган. Препарат Гамалея борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан. Эртеси, 12-августа Гинцбург вакцина 3 же 5 айдан кийин балдарга текшерилет деп жарыялаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашконун айтымында, быйыл Россияда балдарга коронавируска каршы эмдөө болбойт.
Ссылка: https://barometr.kg/baldar-chn-koronaviruska-karshy-vakcina-toguz-ajdan-kijin-izildene-bashtajt
Добавить комментарий ×