Балбан кыз Айпери Медет кызы майрамды утурлай Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду
Жакында эле Украинада өткөн эл аралык мелдеште Канаданын Олимпиада чемпионун 67 секунда ичинде көтөрүп чаап, жеңип алган Айпери Медет кызы президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы кече, 5-мартта келе жаткан 8-март майрамынын урматына кесиби жана талыкпаган эмгеги менен баркталган айымдар менен жолгушуп, майрамы менен куттуктаган.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, Дүйнө кубогунун, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын байге ээси Айпери Медет кызы аялдардын эл аралык күнүнүн алдында президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, майрамдык иш-чарага катышты.
Иш-чарада спортчу кыз өлкөнүн биринчи айымы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева менен катарлаш олтурду.
Эске сала кетсек, Айпери Медет кызы Киевде өткөн эл аралык мелдеште татыктуу мелдеш өткөрүп, күмүш медалга ээ болгон.
Добавить комментарий ×