Балбан Акжол Махмудовдун бутуна операция ийгиликтүү жасалды

22 февраль 2019 17:25 2851 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыздын грек-рим күрөшчү балбаны Акжол Махмудовдун бутуна операция ийгиликтүү жасалды. Акжол операциядан чыккан сүрөтүн инстаграм баракчасына коюп, баш бармагы менен "баары жакшы" экенин туюнткан белги билдирген. Балбандын күйөрмандары анын тез арада сакайып кетүүсүн каалаган тилектерди билдиришүүдө.

Операция Германиянын Кёльн шаарында кечээ жасалып, ал ийгиликтүү болгонун Акжолдун атасы Мухаммад Махмудов да barometr.kg сайтына бүгүн билдирди.

- Акжолдун абалы Кудайга шүгүр жакшы. Мен Германияга чалып алар менен бат-баттан сүйлөшүп турам. Поправкага кетип жатат. Акжолду жанында ооруканада менин бир тууган иним Шарабидин Махмудов карап жатат, деди ал.

Мухаммад Махмудов ошондой эле Акжолдун операциясына каржылык колдоо көрсөткөн КРнын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигине жана анын директору Канат Аманкуловго ыраазычылык билдирерин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/balban-akzhol-mahmudovdun-butuna-operaciya-ijgilikt-zhasaldy



Добавить комментарий