Балбак Түлөбаев: Маданият кызматкерлерине үй салууга жер бөлүнөт

22 декабрь 2020 09:48 3817 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маданият кызматкерлери үчүн үй салууга жер бөлүнөрүн айтты. Бул тууралуу Түлөбаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жаңы жылды утурлай мэрия өнөр адамдарына сыйлык берип, алар үчүн турак жай салууга жер бөлүнөрүн убадалады. 

“Кыргыздын залкарлары!

Аман-эсен болушсун!

Маданият кызматкерлерине турак жай үчүн жер бөлөбүз”, - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, буга чейин маданият кызматкерлери бир нече ирет нааразычылыктарын билдирип, кыргыздын мыкты залкарлары өмүр боюу жарыбаган акчага иштеп, батирден-батирге көчүп жүргөндөрүн айтып, бийликтин өнөр адамдарына көңүл буруусун суранып келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-madaniyat-kyzmatkerlerine-j-saluuga-zher-blnt



Добавить комментарий