Балбак Түлөбаев: Бишкекте мектептерди ачуу азырынча эрте

10 ноябрь 2020 16:33 3070 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкек мэриясында өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал тууралуу жыйын өтүп жатат. Жыйынга, коронавируска каршы  Республикалык штабдын жетекчиси,  вице-премьер-министр Эльвира Суравалдиева, ыктыярчы, журналист, коомдук актвисттер катышууда.

Жыйын учурунда, калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаарында мектептерди ачуу эрте экендигин айтты.

“Бишкек шаарындагы мектептерди ача албайбыз. Бишкекте окуучулар абдан көп. Алар баардыгы санитардык норманы сактайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Алар жолдо коомдук унаага түшүп, үйүнө барат. Ошончо баланын коопсуздугун сактай албайбыз. Бизге ар бир жарандын өмүрү баалуу. Өзүңүздөр байкагандай, балдар арасында да коронавирус илдетин жугузуп алуу күч алып жатат”, - деди Түлөбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-bishkek-shaaryndagy-okuuchular-onlajn-okuunu-ulantat-mektepterdi-achuu-azyryncha-erte



Добавить комментарий