Бала менен кыз бала бакчада бирге чоңойгон.Соңунда кыз анын энеси болуп чыкты

19 апрель 2019 22:10 7701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канадалык 24 жаштагы Стефани менен 69 жаштагы Дон Уолпер  үйлөнүшкөн. Алардын ортосунда бир уул бар. Бирок бир аз мурда таң калыштуу жаңылыкты билишти. Бул тууралуу news.com кабарлады.

Ортолорунда 45 жаш айырма бар жубайлар бир ирет сүйлөшүп отуруп, бири-бирине буга чейин эч кимге айтпаган сырды айтасың деп мелдеше кетишкен.   

Дон ага мурдагы никеси, андан төрөлгөн баласы тууралуу айта баштаганда, жаш аялы уулуңдун аты ким деп сураган.

“Ал айтып жатканда эле мен анын ким экенин түшүмдүм”,-дейт аял.

Көрсө  24 жаштагы Стефани менен анын улгайган күйөөсүнүн уулу экөө чогуу бала бакчага барышып, кийин мектепте чогуу окушкан экен. Жаш кездеринде ал тургай ынак достордон болушуптур.

Дон менен сүйлөшө баштаганда кыз жигиттен кол үзүп алыстап кеткен.Уулу башка өлкөгө кетип жана атасы менен мамилеси начар болгондуктан алардын тоюна да келген эмес.

Эми ага бала бакчада бирге чоңойгон кыз анын өгөй энеси болуп калганын айтышмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/bala-menen-kyz-bala-bakchada-birge-choojgonsounda-kyz-anyn-enesi-bolup-chykty



Добавить комментарий