Бала-бакчада иштеген кызматкерлер массалык скринингден өтүшөт

4 июнь 2020 15:12 1010 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалпы мамлекеттик жана жеке бала-бакча кызматкерлерине массалык түрдө COVID-19 вирусуна скрининг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. 

Жетекчилик тарабынан кызматкерлердин тизмеси акимияттарга жиберилгенден кийин, мобилдик топтор график боюнча жумуш ордуларынан анализ алышат.

Анын негизинде шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиясы тарабынан долбоорлор даярдалган. 

Алар:

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим алган балдардын ата-энелери толтуруучу анкета.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барганда өз баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмесинин формасы.

Белгилеп кетсек, Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 ведомстволук жана 218 жеке бала бакча бар. Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер ишке тартылат.



Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchada-ishtegen-kyzmatkerler-massalyk-skriningden-tsht



Добавить комментарий