Бакыт Төрөбаев: "137 миллион сом мамлекетке чыгым алып келген үй азыркыга чейин бүтпөй келет. Буга ким жооп берет?"
Мамлекетке салыктан төлөнгөн акчалар туура жолго колдонулуп жатабы, кайда кетип жатат? Мындай суроону депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында премьер-министр Абылгазиевге жана өкмөт мучөлөрүнө берди. Ага кошумча 2017-жылы салынган Жалал-Абаддагы эки кабаттуу өкмөткө караштуу мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлерине салынган үйдүн бүтпөй келгендиги тууралуу белгилей кетти.
"137 миллион сом каралып, Жалал-Абадда эки кабаттуу үй курулган. Бирок ал үй же бүтпөй же эксплуатацияга берилбей ортодо токтоп калды. Бүгүнкү күндө транспорт министрлиги жооп бербейт, же "Гос строй" компаниясы жооп бербейт. 137 миллион сомго мамлекеттик бюджетке зыян келтирилди. Буга ким жооп берет? Ар кандай курулган үйлөргө эч ким тоскоолдук кыла албайт. Бул жерге үй курганга болбойт деп айтып коюшпайт. Бүткөндөн кийин же аягына чейин чыкпайт. Бул бир эле мисал. Мындай маселелер Кыргызстандын жети облусунда тең бар. Элдер жөнөкөй үйлөргө дагы кире алышпай жатышат"-деди депутат.
Өз кезегинде премьер министр Абылгазиев бул маселе тууралуу кабардар экенин айтып, "Бул маселени чечебиз. Ал үй салынып калгандан кийин бузуп сала албайбыз. Бул чиновниктердин көңүл коштугу"-деп жооп берди.
Добавить комментарий ×