Бакыт Эмилжанов компьютердик спорттун түрү боюнча алгачкы “Спорт чебери” наамын алды

2 февраль 2023 16:59 1096 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык киберспортчу алгачкы  болуп “Спорт чебери” наамын алды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 2-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар сясаты министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановду кабыл алып, ага “Киберспорт боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамын тапшырды.

“Бул наам Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык ыйгарылганын жана Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилгенин белгилейбиз.

Жолугушууга Киберспорт федерациясынын президенти Руслан Атеев жана Федерациянын башкы катчысы Баяман Саймасаев катышты.

Руслан Атеев федерациянынын ишмердүүлүгү жана аталган спорт мелдеш боюнча республикалык тандоонун жүрүшү, эл аралык мелдештерге кимдер жана кантип катыша ала тургандыгы тууралуу кеңири айтып берди. Ал компьютердик спорттук мелдештер реалдуу убакыт стратегиясы, мелдеш талаасы, атаандаштык оюндар, техникалык симуляциялар, спорттук симуляциялар дисциплинасы аркылуу жүргүзүлөрүн белгилеп, ар бирине токтолуп маалымат берди.

Министр Алтынбек Максутов Кыргызстан үчүн киберспорт жаш спорттун түрү экенин, бирок акыркы убакта спорттун бул тармагы боюнча жакшы жыйынтыктар болуп жатканын Бакыттын мисалында белгилеп, учурдагы санариптешкен доордо жаштар компьютердик  сабаттуулуугун жана чеберчилигин максаттуу жана пайдалуу колдонушуна тилектештигин билдирди”, -деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, компьютердик спорт федерациясы 2017-жылы  Юстиция министрлигинде «Компьютердик спорт федерациясы» коомдук бирикмеси катары мамлекеттик каттоодон өткөн. Түзүлгөндөн бери  спорттук салттардын так принциптеринин негизинде иш алып барышат.

2017-жылдын 12-майында Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы Эл аралык компьютердик спорт федерациясына мүчө болуп кирген жана ушул жылдан баштап федерация расмий түрдө кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттарга жана ар кандай эл аралык турнирлерге катышуусун камсыз кылып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-emilzhanov-kyrgyzstanda-kompyuterdik-sporttun-tr-boyuncha-algachky-sport-cheberi-naamyn-aldy



Добавить комментарий