"Бакубат Талас" фонду облустук оорукананы бир жылдык кычкылтек менен камсыздады
Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында жайгашкан Ч.Мамбетов атындагы ооруканада COVID-19 илдетине чалдыккан Талас облусу боюнча баардык бейтаптарды дарылоо үчүн шарттар түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө имаратка кычкылтек өткөрүүчү 60 түйүн киргизилип жана оорукананын жанына суюк кычкылтек топтоочу 7470 кг цистерна орнотулган, болжолу менен үч айга жетет. “Бакубат Талас” фонду COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдык жана элдин ден соолугуна кам көрүү максатында 1 жылдык мөөнөткө суюк кычкылтек менен камсыздоо үчүн 1 млн 680 миң сом каржылаган.
Суюк кычкылтек менен камсыз кылууга “Бишкек ТехГаз” жоопкерчилиги чектелген компаниясы менен келишим түзүлүп бүгүнкү күндө 1 тонна 200 кг келип түштү.Тазалыгы жана сапаты боюнча 99,5 пайызды түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-oblustuk-oorukanany-bir-zhyldyk-kychkyltek-menen-kamsyzdady
Добавить комментарий ×