“Бакубат Талас” фонду апрель окуясынын баатырларын эскерүүгө 500 миң сом бөлгөн

8 апрель 2021 18:28 2964 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас шаарында апрель окуяларынын 11 жылдыгы эскерилди. Бул тууралуу “Бакубат Талас” фондунун маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, 6-апрель күнү Талас шаарында 6-7 апрель Элдик революция күнүнүн 11 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлгөн.

"Эскерүү кечесине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун райондорунун акимдери, Элдик революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын туугандары катышты.

Иш-чараларды өткөрүүгө “Бакубат Талас” фондунан 500 000 сом бөлүндү.

Иш-чара Элдик революциянын баатырларынын эстелигине гүл коюу менен башталып, Талас облустук музыкалык драма театрында апрель революциясында курман болгон баатырлардын балдарынын эркиндигин, турмушун, келечегин чагылдырган спектакль менен уланды. Иш-чара келген конокторго тамак тартуулоо жана революция курмандарына куран окуу менен аяктады", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.

2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында башталып, кийин Таласта уланган. 7-апрель Бишкекте кан төгүлүү менен коштолгон элдик революция күнү деп тарыхта калды.

Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-aprel-okuyasynyn-baatyrlaryn-eskerg-500-mi-som-blgn



Добавить комментарий