"Бакубат Талас" дыйкандардын мол түшүм алышына себепкер болду
"Бакубат Талас" дыйкандардынн мол түшүм алышына себепкер болду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
2021-жылдын март айында Бекмолдо айыл аймагынын Чоң-Токой, Сасык-Булак, Кара-Ой жана Кеңеш айылдарына “Бакубат Талас” фонду аркылуу картошканын Джелли аталышындагы таза үрөөнүн элге жайылтуу максатындагы долбоорду колдоп 770 миң сомго 14 тонна үрөнүн дыйкандарга алып келип берген. Бүгүнкү күндө мээнеттин акы бети кайтып түшүмүн мол берип турган чагы.
Үмөтөв Айбек Сасык булак айылынын тургуну 1 гектар жерине 3 тонна картошка тигип учурда 40 тоннага чейин түшүм алуу болжолдонууда. Салмактары эң эле дегенде 140 граммдан 1,5 кг салмакка чейин болуп майда картошкалар дээрлик болбосун айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-dyjkandardynn-mol-tshm-alyshyna-sebepker-boldu
Добавить комментарий ×