Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт

8 февраль 2021 16:51 1988 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз-катчысы Галина Байтеректин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Галина Байтеректин айтымында баардыгы кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров "жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин“ деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деп белгилейт Галина Байтерек.

Ссылка: https://barometr.kg/bajterek-sadyr-zhaparov-znn-srtn-kabinetterge-zhana-administrativdik-imarattarga-ilbn-sunushtajt



Добавить комментарий