Баласын сабаган эркектин видеосу кантип тарап кеткенин милиция айтып берди
17-апрель күнү Кыргызстандын жарандарынын арасында «WhatsApp» мессенджеринде жана Facebook, Instagram социалдык тармактарда Москвада Кыргызстандын жараны батиринде жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.
Бул боюнча КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, водеодогу адамдын ким экени такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россияга учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.
Андан сырткары, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.
Андан сырткары, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ж.Э. аттуу жаран үй-бүлөөсү менен убактылуу жашаган дарекке чыгышып, аталган окуя 2020-жылдын 16-апрель күнү саат 11:00 болгондугу, аны Жалал-абад облусунун Ала-Бука районунда 1987-жылы туулган жубайы Ж.Ж. телефонго тарткандыгы жана «WhatsApp» мессенджери аркылуу атасына жөнөткөндүгү аныкталган. Ал эми атасы туугандарына жөнөтүп койгондуктан, ал социалдык тармактарга тарап кеткен.
Азыркы учурда аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүүдө. Учурда полициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аталган окуяга тиешеси барлар суралууда.
Андан сырткары, жогорудагы үй-бүлөнүн үч баланы тарбиялашууда. Учурда жубайынын 5 айлык кош бойлуу экендиги маалым болду. Аял көзүнө жаш алып анын күйөөсүн кечирип коюуну суранган.
Ссылка: https://barometr.kg/azyrky-uchurda-yuridikalyk-baa-ber-chn-terishtir-zhrd
Добавить комментарий ×