Азия күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов Азия балбандарын куттуктап, Улукбек Жолдошбековдун атын атады
Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти, казактын атактуу балбаны Даулет Турлыханов U-23 дүйнө чемпионатында Азия континентинин спортчулары ийгиликтүү күрөшкөнү үчүн куттуктады. Жалпы алтын байге утушкан 17 спортчунун ичинен кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбековдун ысымын атады. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.
“Будапешт шаарында U-23 жаш курактагылар арасындагы дүйнө чемпионатында Азия чөлкөмүнүн балбандары ийгиликтүү күрөшкөнүн сыймыктануу менен белгилегим келет.
Чемпионатта континенттеги 13 мамлекеттен жалпы 184 спортчу катышты. Алар 17 алтын, 13 күмүш жана 19 коло байге утушту. Биринчи жолу кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту”, - деп белгилейт Даулет Турлыханов. Ал ошондой эле чөлкөмдүн балбан кыздардары өзгөчө ийгилик жаратканын айтып, япон кыздарынын рекордун баса белгилейт. Медаль уткандардын катарында Кыргызстан бир коло байге утканын (ред. Айпери Медет кызы 76кг.) санап кеткен.
Сөзүн жыйынтыктап жатып ал мелдештин жыйынтыгы Азияда күрөштүн деңгээли өсүп жатканын белгилеген.
“Мелдештин жыйынтыгы Азия континентинде күрөш бир кыйла өскөнүнөн кабар берет. Бизде жаңыдан чыгып келе жаткан жаш спортчулар бар экен. Ошондуктан жакынкы келечекте күрөш дүйнөсүндө эң жогорку жетишкендиктерди багындырабыз деп ишенимдүү айта алам”, - дейт Азия күрөш дүйнөсүнүн президенти.
Даулет Турлыханов чөлкөмдөгү бардык спортчуларды, машыктыруучуларды жана улуттук федерация жетекчилерин бул жогорку жетишкендиктер менен куттуктаган.
Эске сала кетсек, 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөштөр боюнча U23 дүйнө чемпионаты өттү. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон. Алтын байге үчүн беттеште ал Индия балбаны Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде утуп алган.
Добавить комментарий ×