Азия чемпиону Акжол Махмудовдун атасы агенттиктин жетекчисине ыраазычылык айтты
Бөлүшүү:
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухаммед Махмудов Өкмөттүн алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкуловго ыраазычылык айтты.
Бул тууралуу ал Barometr.kg сайтына бүгүн билдирди.
Ал жаракат алган уулу Акжол Махмудовдун бутуна чет жакта жасалган операцияга Канат Аманкулов жетектеген агенттик акчалай колдоо көрсөткөнүн белгилейт.
Эске сала кетсек Акжол Махмудов бир ай мурда машыгуу учурунда бутун сындырып алган.
Добавить комментарий ×