Азия чемпионатындагы алгачкы күмүш. Азат Салидинов экинчи болду

19 февраль 2020 10:08 876 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар үч медаль утушту.

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбандар биринчилерден болуп күч сынашты.

Мелдештин сайтындагы маалымат боюнча 87 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан Азат Салидинов финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Салидинов алгач тажикстандык балбан Сухроб Абдулхаев менен беттешип, 4:2 эсебинде уткан, ал эми Ирактан келген Аббас Шаалан Аль Тамимини 9:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда ирандык Бехруз Хедаятты жеңип финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сунилге 0:5 эсебинде утулуп калган.


Андан сырткары чемпионаттын биринчи күнүндө Ренат Илияс уулу (77 кг.) менен Роман Ким (130 кг.) коло байге тагынган.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionatyndagy-algachky-kmsh-azat-salidinov-ekinchi-boldu



Добавить комментарий