Айсулуу, Мээрим, Жоломан баш болгон Азия чемпиондору 100 миң сомдон акчалай сыйлыктарга ээ болушту

20 апрель 2021 12:54 5165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө жана эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларына акчалай сыйлык тапшырды. 

Сыйлык тапшыруу аземине, Азиянын чемпиондору тренерлери менен бирге келишти.

Кудайбергенов Токио Олимпиадасына лицензия уткан спортчулардан үмүтү чоң экенин айтып, ар таратуу колдой турганын билдирди.

“Биз жалпыбыз сиздерди алыстан карап, колдоп олтурдук. Сиздер Кыргызстанга жеңиш алып келгенде, чын жүрөктөн кубанып, сиздер менен сыймыктанып олтурдук.

Эми, биз сиздерден Олимпиаданын медалдарын күтөбүз. Сиздер Токиодон жеңиш менен келе жатканда мен жеке өзүм барып, аэропорттон тосуп алам.

Мына, Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку чемпиону болуп олтурат. Айсулуу кызыбыз буюрса, Олимпиадада жеңиш алып келет деп үмүттөнөбүз”, - деди Кудайбергенов.

Бишкек мэриясы тарабынан 100 000 сом өлчөмүндө сыйлык алган балбан кыздар:

  • Айсулуу Тыныбекова,
  • Мээрим Жуманазарова, 
  • Айпери Медет кызы.

Бишкек мэриясы тарабынан 100 000 сом өлчөмүндө сыйлык алган грек-рим күрөшүнүн балбандары:

  • Жоламан Шаршенбеков, 
  • Атабек Азисбеков,
  • Үзүр Жузупбеков.

Ошондой эле, эркин күрөш чебери Эрназар Акматалиевге, жөө күлүк Дарья Масловага жана дзюдочу Владимир Золоевге да 100 миң сомдук сертификат берилди.

Ал эми, спортчулардын машыктуруучуларына да Бишкек мэриясынын атынан 50 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эске сала кетсек, Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталган.


Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionatynan-bajgel-kelgen-sportchular-akchalaj-syjlyk-menen-syjlanyshty



Добавить комментарий