Азербайжанга өткөрүлүп берилген Карабахтагы Армениянын тургундары үйлөрүн өрттөп кетип жатышат

13 ноябрь 2020 16:10 5345 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Азербайжанга өткөрүлүп берилиши керек болгон таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын бир катар райондорунун жашоочулары үйлөрүн өрттөп жатышат. Бул тууралуу Sputnik-Армениянын 13-ноябрда жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Журналисттердин айтымында, жол кыймылынын арасында кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалар көп. Адамдар мүмкүн болгон бардык нерселерди алып чыгып кетип жатышат. Мисалы үй шаймандарын, эмеректерин, мал-жандыгын.

Мындан тышкары, Лачин, Кельбажар, Агдам райондорунун жашоочулары үйлөрүн, дүкөндөрүн жана башка имараттарды өрттөп жиберишкени маалым болду.

Армения, Азербайжан жана Россиянын келишимине ылайык, Агдам аймагы Азербайжанга 20-ноябрга чейин кайтарылып берилет. 15-ноябрга чейин Армения Кельбажар аймагын, ал эми 1-декабрга чейин Лачин районун кайтарып берет.

Бул келишимге 9-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын лидери Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кол коюшту. Мындан тышкары, келишимге ылайык, россиялык бейпилдик күчтөрүн аймакка киргизүү, чыр-чатактын катышуучулары ортосунда туткундарды алмашуу жана качкындардын Карабакка кайтып келиши каралган.

Россиянын Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салууда Путиндин ролу чоң экендигин белгиледи.

Ошол эле учурда, келишим Ереванда нааразычылыктарды жараткан. Митингчилер бул келишим менен макул эмес. Өз кезегинде Пашинян элге кайрылуусунда келишимге эмне үчүн кол койгонун түшүндүрүп берген. Ал муну аскер кызматкерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн жасаганын айткан. Премьер-министрдин айтымында, документ Тоолуу Карабах жаңжалын биротоло жөнгө салууну билдирбейт, бирок аймактагы согушту токтотот.

Ссылка: https://barometr.kg/azerbajzhandyn-karamagyna-tkrlp-berilgen-karabah-ajmagyndagy-armeniyanyn-turgundary-jlrn-rttp-ketip-zhatyshat



Добавить комментарий