Аяз атага эмес, төрагага кат жазган окуучу бала ноутбук жана уюлдук телефон белекке алды
Жогорку Кеңештин төрагасына кат жазган 2-класстын окуучусунун тилеги кабыл болду. Башкача айтканда төрагадан өзүнө, эжесине жана бөбөгүнө майрамдык белек берүүсүн өтүнүп кат жөнөткөн.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Базысбектин тилегин орундатып, ноутбук, уюлдук телефон жана чана белек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Баланын атасы Талантбек Рыспаев майрамды утурлай уулунун катына жооп берген Төрагага ыраазычылык билдирип, анын баалуу белеги уулунун жакшы окуусуна түрткү болорун билдирди.
“Уулума мектептен Аяз атага кат жазып кел деп тапшырма бериптир. Биз Аяз атага эмес, Жогорку Кеңештин Төргасына кат жазууну чечтик. Базысбек катты өзү жазды. Төрагага башка да балдар кат жазат болуш керек, бирок менин уулумдун катына жооп берип, катта жазылган өтүнүчүн орундатканы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирем”, - деди Талантбек Рыспаев.
Спикердин колунан белек алып, кубанычы коюнуна батпай турган Базысбектин апасы Гүлзат Арыкова жети баланы тарбиялоодо. Төраганын белеги жогорку окуу жайларда окуган Базысбектин байкелери менен эжелеринин да окуусуна көмөкчү болорун белгиледи.
“Өзүм Баатыр энемин, жети балабыз бар, улуу балабыз 21 жашта, кичүүбүз 5 жашта. Төраганын бүгүнкү белеги биздин үй-бүлө үчүн өтө чоң кубаныч болду. Студент балдарым ноутбук алып бериңиздер дегенинен аны алып бере албай жүргөнбүз. Аны бүгүн минтип Төраганын колунан алып отурабыз. Жалгыз эле Базысбектин эмес, студент балдарымдын да окуусу жеңилдейт деген ойдомун”, - деди Гүлзат Арыкова.
Добавить комментарий ×