Аялды аял кылган — бут кийим

13 июнь 2019 12:52 3353 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялды аял кылган — бут кийим, башкача айтканда шиш така. Бут кийим кымбат жана кооз болсо да эч качан бутуңузду кысып, сүрбөшү керек. Сиздин боюңузду узун көрсөтсө да бутуңузду кыйшык көрсөтпөшү керек. Мындай бут кийимдерден ошол замат кутулуңуз. Баарынан маанилүүсү комфорт! Эскирген, такасы кеткен же таманы жукарган бут кийимдерди үйдө кармабаңыз. Аларды абдан жакшы көрсөңүз да, убагында кымбат баага сатып алган болсоңуз да, же аны кийип «Парижге» барып келсеңиз да эскирген бут кийимдериңизди ыргытыңыз. Алар өзүлөрүнүн кызматын өтөп бүттү. Бут кийим сизге комфорттуу болгондон сырткары кийе турган жерге туура келиши керек. Офиске кроссовка же тоого шиш така кийүү тууралуу айтуунун кажети жок.  Бут кийим кымбат атрибут. Башкадан акча экономдосоңуз да бут кийимден экономдобоңуз. Ал дайым таза, майланган, такасындагы резинасы жаңыртылган болушу керек.


Ссылка: https://barometr.kg/ayaldy-ayal-kylgan-kijim



Добавить комментарий