Аялдан 6 500 миң доллар алган кардиохирург кармалды
Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Февраль айынын соңунда Сокулук районунун ички иштер органдарына 38 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Аялдын айтымында, чала тааныш Улан аттуу эркек январь айында кардиохирургмун деп ишенимине кирип 6 500 долларын алган. Ал аталган акчаны эртеси кайтарып берем деп айтып белгисиз тарапка качып кеткен.
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган адамдын ким экени такталды. Ал Жалал-Абад областынын 45 жаштагы тургуну, буга чейин ушундай эле кылмыш менен соттолгон Ш. У болуп чыкты.
Эркек киши өзүн медицина кызматкеримин деп тааныштырып элдин ишенимине кирип ар кандай суммада акча алып жүргөн.
Учурда анын атына бир канча арыз түшкөн.
Бул адамдан жапа чеккендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнүштү: 0312 60 15 67, 0707 28 12 12, 0755 81 71 87.
Ссылка: https://barometr.kg/ayaldan-6-500-mi-dollar-algan-kardiohirurg-karmaldy
Добавить комментарий ×