Аял жети жаштагы баласын сабап жатып өлтүрдү

27 апрель 2019 13:52 28061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Вологодская областында адамдын жүрөгүн титиреткен окуя болду. Жети жаштагы Степан энесинин ур-токмогунан улам эсин жоготуп бир нече ай бою реанимацияда жаткандан кийин каза тапты. Бул тууралуу Лента.ру Россиянын тергөө комитетине шилтеме кылып кабарлады.   

Анна Блохина баланын өгөй энеси болуп саналат. Аялга  “жашы жете элек баланын өлүмүнө алып келе турган оор зыян келтирүү”, “сабоо”, “коркунучка таштоо” беренелери боюнча иш козголду. 

Аял Степандан тышкары үч баланы тарбиялап жаткандыктан сот аны тергөө маалында камакка алган жок.

2018-жылдын 6-августунда 6 жаштагы баланы ооруканага буту-колдору сынган жана мээсинен оор жаракат алган абалда алып келишкен. Балага 13 жаштагы эжеси тез жардам чакырткан.

Бир нече ай дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан бала каза тапты.Өгөй эне кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-zheti-zhashtagy-balasyn-sabap-zhatyp-ltrd



Добавить комментарий