Аял чачын туура эмес кырккан чач тарачты полицияга кармап берди
Новосибирск шаарында кардар менен чач тарачтын ортосунда чуулгандуу чатак болду. Кардар Анастасия аталган шаардагы поулярдуу салондордун бирине барып чачын кандай кыркуу керектигин чач чеберине түшүндүргөн.
Бирок соңунда таптакыр жарашыксыз чач жасалгасын көргөндөн кийин ачуусуна чыдабай полиция чакыртты.
Акчасын толук өндүрүп алайын десе салондун администратору жана директору да анын нааразылыгын укпай коюшкан.
Ошондон соң каарданган аял полиция чакыртып чач тарачты кармап берди. Полициялар бир нече мыйзам бузууну катташты. Чач тарачтын санитарлык жанаэ мгек китепчеси жок экени аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ayal-chachyn-tuura-emes-kyrkkan-chach-tarachty-policiyaga-karmap-berdi
Добавить комментарий ×