Аял бир айда эки жолу төрөп, үч балалуу болду

29 март 2019 12:34 6428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бангладештик аял бир айда эки ирет көз жарды. Биринчисинде уул баланы жарык дүйнөгө алып келсе, экинчи төрөттө эгиз балалуу болду. Бул тууралуу newsru.co.il маалымат булагы кабарлады.

20 жаштагы Арифа Султандын биринчи төрөтү ийгиликтүү болгон, бирок дарыгерлер анын экинчи жатыны бар экенин байкашкан эмес. Уул балалуу болгон аял үйүнө чыгып кеткенден кийин 26 күндөн соң катуу ичи ооруп башка ооруканага барган. Дарыгерлер анын кош бойлуу экенин аныкташып аял жарык дүйнөгө башка жатында жайгашкан бир кыз, бир уулду алып келди.    

Аялга кесарова ыкмасы менен операция жасалды. Балдардын да аялдын дагы дени сак.

Дарыгерлер бул өтө сейрек кубулуш экенин белгилеп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-bir-ajda-eki-zholu-trp-ch-balaluu-boldu



Добавить комментарий