Аял 18 жашында турмуш куруп эки күйөөгө чыккан, бирок 50 жашка чейин кыз бойдон калган
Британиялык аял Мария-Луиза Ворндун тарыхы кызык. Аял эки ирет никеде болуп, бир күйөөсү менен 13 жыл жашаганына карабай 50 жашка чыкканга чейин кыз бойдон калган. Муну дарыгерлер да тастыктаган. Бул тууралуу bigpicture.ru булагы кабарлады.
Девон графствосунда туулган аял 18 жашында турмушка чыккан, бирок жубайы ушунчалык диний, такыба адам болгондуктан ага караган эмес. 5 жыл бою аялды жөн гана камсыздап багып келген, балалуу болууну каалаган эмес.
Джон менен Мария ажырашкан. Экинчи жубайы Кэрол Сойерди аял 25 жашында жолуктурган. Ал кезде Кэрол үйлөнүп эки кызы болгон.
Кэрол Марияны жактырып калып аялын таштап кеткен.
Эки кызга өгөй апа болгон Мария дагы деле болсо күйөөсү менен интимдик байланышка барган эмес.13 жыл жашагандан кийин аялдын үмүтү өчүп, мындай жашоодон тажап күйөөсү менен катуу чатакташкан.
2008-жылы Мария-Луиза өзүн мурда оперция кылган врачка арызданып телефон чалган.
Ошентип Мария менен Тимоти аттуу доктордун сүйүүсү башталып 51 жашында гана жакын мамиледеги турмушту баштаган.
Учур аял күйөөсү менен ажырашып Патрик аттуу сүйүктүүсү менен жашап жатат. Күйөөлөрү аны эмнеге карабай койгонунун сырын аял ачкан жок.
Добавить комментарий ×