Аял 1000ден ашык ирет окуса да, айдоочу боло албай жатат
Улуу Британиянын 47 жаштагы жараны Изабель Стедман 30 жылдан бери 1000ден ашык жолу айдоочулук боюнча сабак алганына карабай айдоочунун күбөлүгүн ала элек. Бул тууралуу Times Now булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Изабель Стедман 17 жашка чыкканда биринчи жолу айдоочу болууга киришип, бирок экзамен учурунда айланма жолго келгенде паника башталып, эсин жоготуп койгон.
Аял коркунучун жоюш үчүн медиктерге жана гипнотизерлорго кайрылган. Алардын бири дагы аялды дарылай алышкан эмес.
Ал эч кандай жол кырсыгына кабылып көргөн эмес, ал тургай авариялардын күбөсү дагы болгон эмес.
“Эмне үчүн мындай болорун түшүнбөйм, айланма кыймылды көргөндө мен эсимди бир нече секундага жоготуп коем”,-дейт Стедман.
Изабель бир канча жылдан бери айдоочунун сынагынан өтө албай жатат жана сабактар үчүн 10 миң фунт стрелинг коротту.
Ссылка: https://barometr.kg/ayal-1000den-ashyk-okusa-da-ajdoochu-bolo-albaj-zhatat
Добавить комментарий ×