Автоунаанын үстүндө жатып алып бараткан жарандар кармалды
Бөлүшүү:
19-мартта болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек ШИИББнын башкармалыгы катышкан рейд учурунда А.Токомбаев көчөсүндө автоунаанын үстүндө жатып алып баражаткан жарандардын ким экени Кайгуул кызматы тарабынан аныкталды. Алар 2001-жылы туулган Г.Н., 2001-жылы туулган Т.Н. экендиги белгилүү болду.
Алар Октябрь районунун ИИБне өткөрүлүп берилди.
Ал эми автоунаа айып короого токтотулуп, 2001-жылы туулган И.Р. аттуу айдоочусуна Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 124 жана 122-беренелеринин негизинде протоколдор түзүлду.
Ссылка: https://barometr.kg/avtounaanyn-stnd-zhatyp-alyp-barazhatkan-zharandar-karmaldy
Добавить комментарий ×