Бишкекте машинаны сүзүп качып кеткен айдоочу аял болуп чыкты. Ал кармалды

19 март 2020 18:41 882 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-мартта саат 08:50 чамасына Ахунбаев жана  Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунаанын белгисиз айдоочусу 1969-жылы туулган М.Д. аттуу жарандын башкаруусундагы "Хендай Соната" үлгүсүндөгу автоунааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдинКайгуул кызматынын Басма Сөз кызматы билдирди.

Кийин 2020-жылдын 13- мартында саат 15:00 чамасында "Хендай Соната" үлгүсүндөгү автоунаанын 1969-жылы туулган М.Д. аттуу айдоочусу качып кеткен "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү айдоочуну үйүнөн таап, “102” кызматына кабарлаган. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматы барып, качып кеткен айдоочунун ким экенин аныктап, ал 1966-жылы туулган М.Р. аттуу аял экендиги белгилүү болгон. Бирок ал укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, төшүндөгү видео трекерин ыргытып, жана унаа менен сүзгөнгө аракет кылып, өмүрүнө коркунуч келтирген.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек ШИИББдин кайгуул кызматкерлери менен Ленин РИИБнын ыкчам кызматкерлери 1966-жылы туулган М.Р. аттуу айдоочу аялды шектүү катары  Ленин районунун №2 шаардык милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматына өткөрүп берген. 

Бул факт боюнча Ленин районунун ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми автоунаа айып төлөөчү короо жайга токтотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/avtounaany-szp-okuya-bolgon-zherden-kachyp-ketken-zharan-karmaldy



Добавить комментарий