Аваз Акимов Назира Жетигенованын "фигурасы" тууралуу: "Бул не деген фигура?"

26 декабрь 2018 20:45 9596 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Ырчы Аваз Акимов Instagramдгы жеке баракчасына ырчы Фарида Карбосова жана куудул Назира Жетигенова менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Аваз сүрөттүн астына:

"Кутман кеч, бул эмне деген фигура? Атын билбей жатам" -деп жазды.

Сүрөттөн  Назира Жетигенованын "фигурасы" абдан байкалып турганын көрүүгө болот. Мындайды таппай турган хейтерлерге Аваз жем чачкандай эле болду. Баары жабыла "Намыс кайда", "Срогу өткөн", "Тырышып ичти тарткан экен", "Гитара", "Бака жуткан жылан" деген өңдүү терс пикирлерди жамгырдай жаадырышты.

Ал эми Назира Жетигенова бул пикирлерге эч кандай комментарий берген жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/avaz-akimov-nazira-zhetigenovanyn-figurasy-tuuraluu-bul-ne-degen-figura



Добавить комментарий