Атакама чөлү жамгырдан кийин күтүүсүз жерден гүлдөп кетти (видео)

14 сентябрь 2021 11:53 2875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чилидеги Атакама чөлү өткөн айда жааган жамгырдан кийин гүлгө оронду. Бул тууралуу  Leandro de Chile ютуб каналына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Чилинин метеорологдору өткөн айда Атакама чөлүнө 19 мм өлчөмүнөн ашык жамгыр жааганын маалымдашкан болчу. Дүйнөдөгү эң кургак жер болгон бул жерге жылына 12 миллиметрден аз жамгыр жаай турганын эске алганда бул чоң жаңылык болду.

Атакама дүйнөдөгү эң кургак жер болуп саналат.Бул ирет чөлдөгү гүлдөр чыны менен адам суктана тургандай болгонун ал жерге баргандар маалымдап жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/atakama-chl-zhamgyrdan-kijin-ktsz-zherden-gldp-ketti-video



Добавить комментарий