"Ата Мекен" 23-апрелде митинг өткөрөт

16 апрель 2019 13:57 8150 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ата Мекен" 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат алды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңеште "Ата Мекен"  фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тастыктады. 

Ал акция тынч жана ызы-чуусу жок өтөт деген ниетте. Шыкмамтов ошондой эле Эски аянтка Жогорку Кеңештин экс-депуаттары Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун миңдеген тарапташтары чогулат деп эсептейт.

Бул күнү Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун кылмыш ишин кайра карай турган соттук жыйын белгиленген.

Эскерте кетсек, атамекенчилер экс-депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду жана КРнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчичи Дүйшөнкул Чотоновду актоо талабын коюшууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ata-meken-23-aprelde-miting-tkrt



Добавить комментарий