Аскер кызматчылары жана милицияга компенсациялар төлөнөт
Бөлүшүү:
Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
«Бул чечим КРнын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Республиканын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×