Аскат Мусабеков жаш кызга баш кошуп жатат. Өкүл атасы Сыймык Бейшекеев
Аскат Мусабеков жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчыга баш кошуп жатат. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Алтынбек Кыдыралиевге таянуу менен "Барометр" билдирет.
Бүгүн, ырчы, аткаруучу, Маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков жаңыдан гана чоң сахнанын босогосун аттаган жаш ырчы Миргүл Асаналиевага үйлөнүп жатат. Учурда ырчы сүйүктүүсүн ата-энесинин үйүнөн алып кетүүгө барды.
Мусабековдун келинчеги Миргуль Асаналиева Ат-башы районунда төрөлгөн. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында 2-курста окуйт.
Тойдо эки жаштын өкүл атасынын ролун ырчы, обончу, КРдин Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, ал эми күйөө жолдоштун милдетин ырчы, алып баруучу Алтынбек Кыдыралиев аткарууда.
Түгөйлөр “Өмүрлөшүмө” ырын чогу аткарышып келүүдө
Эскерте кетсек, 1985-жылы туулган Аскат Мусабеков буга чейин кыл кыякчы Залина Касымова менен түтүн буулатып, кийинчээрек эки жолго түшүшкөн. Ортосунда бир уул жана бир кызы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/askat-musabekov-zhash-kyzga-bash-koshup-zhatat-kl-atasy-syjmyk-bejshekeev
Добавить комментарий ×