Аскарбек Шадиевге "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен иш козголду
Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт. Башкы прокуратура "Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси менен (Чек арадан мыйзамсыз өтүү) иш козгоп, бул иш Улуттук Коопсуздук Мамлекеттин кызматкерлеринин тергөө башкармалыгына тапшырылды. Эске салсак, Шадиевге Жогорку Кеңештин 30 миң АКШ долларынын уурдалагындыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Андан соң Шадиевдин Кыргызстанда эмес экендиги тастыкталган. Депутаттын жакындары анын ден-соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн айтышып, 1,2 жумада кайра келээрин билдиришкен. Бирок, Аскарбек Шадиев ошол боюнча келген эмес. Кийинчерээк, депутаттын Баткен облусу аркылуу Тажикстанга өтүп, андан АКШга учуп кеткени белгилүү болгон. Бишкек Биринчи май райондук соту депутатка сыртынан камакка алынсын деген чечим чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/askarbek-shadievge-chek-aradan-myjzamsyz-t-berenesi-menen-ish-kozgoldu
Добавить комментарий ×