Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандан качып кетишин социалдык түйүндүн колдонуучулары мазактап жатышат

2 июнь 2018 21:30 1097 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин депутаты Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандан качып кетишин социалдык түйүндүн колдонуучулары мазактап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин Баткендеги кечүү аркылуу өлкөдөн качып, Нью-Йоркко кетип калганы тууралуу маалымат Интернетте азил-тамашага айланды. Социалдык тармактын колдонуучулары бул темада юмор менен жазылган билдирүүлөрдү, тамашалуу сүрөттөрдү жүктөп жатышат. Белгилей кетсек, Шадиев бюджеттик 2 миллион сомду өздөштүрүп алууга шектелүүдө. Каражат КМШ парламент аралык ассамблеясына Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктарды тапшырууга багытталышы керек болгон. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Шадиев Баткендин Лейлек районундагы кечүү аркылуу Тажикстанга, андан ары Москвага, кийин АКШга качып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/askarbek-shadievdin-kyrgyzstandan-kachyp-ketishin-socialdyk-tjndn-koldonuuchulary-mazaktap-zhatyshat



Добавить комментарий